Экс-министр балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров 22-мартта Юстиция министрлигинин мурдагы башчысы Асел Чынбаеваны Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Чынбаевага чейин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызматын Жыпариса Рысбекова аркалап келген. Рысбекова бул кызматка 2021-жылдын майында келген болчу.

Рысбекова иш алып барган эң белгилүү окуялардын бири — бул Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү. Окуя 2021-жылдын июнь айында болгон. Анда окуя коомдук резонанс жаратып, Рысбекова ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Асел Чынбаева бул кызматка дайындалганга чейин Юстиция министрлигинин жетекчиси болуп иштеген. Аталган кызматта 2021-жылдын февралынан тартып октябрь айына чейин иштеген. Андан тышкары, Чынбаева Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин курамында болгон.

Кеңеш Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн, аны президент өзү жетектейт. Кеңештин курамына башкы прокурор Курманкул Зулушев, юстиция министри Асел Чынбаева, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бар.

Дал ушул кеңеш Жазык кодексинин, ошондой эле Жоруктар жана бузуулар жөнүндөгү кодекстердин колдонулушунун анализин жасаган.