Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы авто кырсыктан үч адам каза тапты

Сүрөт: Turmush

20-мартта Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайынын аймагында жол кырсыгынан үч киши каза тапты. Бир адам ооруканада. Ал окуянын чоо-жайын «Турмуш» басылмасына айтып берди.

Анын айтымында, «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу суу куюлган бөтөлкөнү алуу үчүн эңкейген. Ошол учурда бетон тосмону сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки аял жеринде мерт кеткен. Ал эми 25 жаштагы айдоочу Кемин райондук ооруканасында көз жумган. Дагы бир жүргүнчү аталган ооруканада дарыланып жатат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө башталды.

8-февралда ушул эле Нарын — Торугарт унаа жолунун 29-чакырымында Toyota Prius жана DAF үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, бир адам каза тапкан. Каза тапкан киши 22 жаштагы Toyota Prius унаасынын айдоочусу болгон. Ал эми авариянын кесепетинен дагы эки адам жабыркап, Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

2021-жылдын 11 айында эле өлкөдө жол кырсыгынан 780 адам каза таап, 10 миңден ашуун киши жабыркаган. Мындан улам президент Садыр Жапаров 19-февралда ИИМге жол кырсыктарын 50%га азайтууну тапшырган.

Президент ИИМге жолдордо унаа кырсыктарынын санын эки эсе азайтууну тапшырды