«Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн». Милициянын отставкадагы полковниги кармалды

Сүрөт: УКМК

23-мартта ИИМдин отставкадагы полковниги «баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө» шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан шектүү «баңгизат саткандарды коргоп, аларды чек арадан өткөрүп жүргөн» деп белгилешти.

УКМК буга чейин кыргыз-казак чек арасынан 11,51 килограмм баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган «А.М.А.» жана «К.К.М.» аттуу эки кыргызстандыкты кармаган. Алардын «О.А.Ы.» аттуу дагы бир шериги кармоо учурунда качып кетип, кийинчерээк колго түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке «Р.Ю.М.» аттуу милициянын отставкадагы полковнигинин тиешеси бар экени аныкталган.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган. Ага карата «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн үйүнөн табылган баңгизат. Сүрөт: УКМК

Учурда шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланып жатат.

23-мартта Ысык-Көл облусунда баңгизат ташып бараткан Түп районундагы Тасма айылынын тургуну кармалган. Шектүүнүн унаасын тинтүү учурунда 21 даана ширенкенин кутучасына салынган 285 грамм жапайы кендирдин жыты бар зат табылган. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга камалган.

Автору: Айганыш Амирова

Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалып, эки айга камакка алынды

Оштун милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизат сатмакчы болгон кишини кармады