Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалып, эки айга камакка алынды

Ысык-Көл облусунда баңгизат ташып бараткан Түп районундагы Тасма айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Түп районунун тургуну үйүндө сатуу максатында баңгизат сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Ысык-Көл ОИИБи «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү 38 жаштагы «Н.Б.» экени аныкталган.

Кармалган тургундун унаасын тинтүүдө 21 даана ширенкенин кутучасына салынган 285 грамм жапайы кендирдин жыты бар зат табылган.

Иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тема боюнча:

ИИМ: Баткенде курал менен баңгизатты мыйзамсыз сактаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте үч кишиден 22 кг чукул баңгизат алынды