«Үч министр башы менен жооп берет». Ташиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Министрлер кабинети 24-мартта жыйын өткөрүп, анда антикризистик чаралар талкууланды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу «учурда баарын тынчсыздандырган маселе» болушу керектигин белгиледи. Ал өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоодо ар бир министрдин жеке жоопкерчилигин кароону сунуштады.

«[Өлкөнүн туруктуулугунун башкы нерсеси] бул азык түлүк-коопсуздугу […] Мен дароо айтып коёюн, азык-түлүк коопсуздугу толугу менен камсыздалат. Ал кандайча болот? Бизде азык-түлүк тартыштыгы болбой турганын ар бири билиши үчүн элге иш-чаралар планын жарыялаңыздар. Финансы, экономика жана өзгөчө кырдаалдар министрлери жеке жоопкерчилик алышат», — деди Ташиев.

Ташиев «эгерде азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандайдыр бир маселер жарала турган болсо, бул үч министр керт башы менен жооп берет» деп кошумчалады.

«Тынчсызданыңыздар, чыгып иштеңиздер», — деп эскертүү берди УКМКнын төрагасы аткаминерлерге.

Экономика министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Андан тышкары, Ташиев Бажы жана Салык кызматына кайрылды. Ташиев аларга Баткен облусуна көңүл бурууну тапшырды.

«Бардык азык-түлүк насос менен соргондой эле кетип жатат. Чек арада тирүү калкан болгула, бир да килограмм май, бир да килограмм кумшекер өтпөсүн. Бул негизги тапшырма», — деп белгиледи УКМКнын төрагасы.

Ал соодагерлер айрым тамак-аш продуктыларын Кыргызстанга караганда таңкыстык бар жана алардын баалары жогору болуп жаткан коңшу өлкөлөргө жөнөтүшү мүмкүн деп дагы кооптонду.

«Кызматкерлериңерди тирүү калкан кылып койгула. [...] бир да килограмм азык-түлүк ал жакка өтпөшү керек. Бажы кызматы, айрыкча [түштүк бөлүмү] начар иштеп жатат. Мен дагы бир жолу эскертип жатам», — деди ал.

Андан соң минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Ташиев айткан жеке жоопкерчилик токтомдо да көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Азык-түлүк коопсуздугу

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маселе Украинадагы согуштун жана доллардын наркы көтөрүлгөн шартта көтөрүлө баштады. Мындан тышкары, Орусиянын өкмөтү 11-марттан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган. Чектөө 2022-жылдын 31-августуна чейин киргизилген. Акыркы эки жылда Орусия Кыргызстандын дан өсүмдөктүрүнүн эң негизги импортёру болуп келген.

Бирок андан кийин эле убактылуу чектөө киргизилгенине карабастан Орусия дан өсүмдүктөрүн Кыргызстанга сатууну улантары белгилүү болгон. 12-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана кумшекер экспортоого тыюу салганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирген.

20-мартта минкаб «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүктүн базар баасын турукташтыруу үчүн» айрым продукциялардын экспортуна тыюу салган. Алсак, жакынкы жарым жылда Кыргызстандан бодо малдын этин, арпа жемин жана сулуну экспорттоого болбойт. Ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагынын тышына буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы жана инкубациялоо үчүн жумурткаларды алып чыгууга тыюу салынган.

Дагы окуңуз:Экономика министри: Минкабдын антикризистик планына 126 млрд сом керектелет

Минкаб өлкөнү мунай менен камсыздоого 2 млрд сом бөлөт