Экономика министри: Минкабдын антикризистик планына 126 млрд сом керектелет

Минкабдын антикризистик планына кетүүчү чыгым 126 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев минкабдын 24-марттагы жыйынында билдирди. Министрдин айткандарын 24.kg жана Tazabek басылмалары жазып чыгышты.

Министр Орусияга каршы киргизилген санкциялар Кыргызстанга катуу басым кылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, санкциялар сомдун наркына, керектөөчүлүк бааларга таасирин тийгизген. Ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу кыйынчылыктар да бар.

«Биз кырдаалды күзөтүп турабыз, белгилүү бир туруктуулукту көрсөтүп жатабыз десек да болот. Антикризистик план тарыхта биринчи жолу финансылык булактар менен реалдуу бекемделди. 2022-2026 жылдарга карата өкмөттүн планы — өлкөнү биз узак жана кыска мөөнөттүк перспективада пландаган параметрлерге алып чыгуу», — деди Амангелдиев.

Министр өткөн жылы дүйнөлүк агенттиктер экономиканын өнүгүүсүнө байланыштуу оптимисттик божомолдорду кылышканын, бирок бүгүнкү күндө ал пландар актуалдыгын жоготконун кошумчалады.

Минкабдын антикризистик планы жети багыттан турары белгилүү болду:

– азык-түзүк коопсуздугун камсыздоо;

– социалдык колдоо жана жумуш орду менен камсыздоо;

– финансылык туруктуулук;

– ишкердикти колдоо;

– инвестицияларды тартуу;

– товар жүгүртүмүн көбөйтүү;

– мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо.

Минкабдын антикризистик планы

Орусиянын 24-февралда башталган Украинага кол салуусу жана анын артынан коштолгон Орусияга каршы санкциялар коронавирустун пандемиясынан баш көтөрө элек Кыргызстандын экономикасына таасир этип жатат.

12-мартта экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, өкмөт антикризистик планды иштеп чыга баштаганын билдирген.

Амангелдиев минкаб экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкерлерди колдоо боюнча кыска мөөнөттүү мамлекеттик программалардын төрт пакетин ишке ашырганын айткан.

Тема боюнча:

Бийлик жана ишкерлер экономикалык кризистен чыгуу үчүн эмне сунушташты?

Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз

Президенттик аппарат мыйзамсыз активдерди мыйзамдаштырууну сунуштады