Минкаб жарым жылга Кыргызстандан этти экспортко чыгарууга тыюу салды

Министрлер кабинети Кыргызстандан бодо малдын этин, арпа жемин жана сулуну экспорттоого убактылуу тыюу салды.

Ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагынын тышына буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы жана инкубациялоо үчүн жумурткаларды алып чыгууга чектөө киргизилди.

Экспортко убактылуу чектөө 6 айдык мөөнөткө киргизилди.

Буга чейин Орусиянын өкмөтү да ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын жан кумшекер экспорттоого тыюу салган. Чектөө 2022-жылдын август айынын аягына чейин киргизилген. Акыркы эки жылда Орусия Кыргызстандын дан өсүмдөктүрүнүн эң негизги импортёру болуп келген.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана кумшекерди экспортоого тыюу салганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратпасын билдирген. Ал Кыргызстан кумшекер менен өзүн камсыздай аларын, кампаларда өсүмдүк майы жетиштүү экенин, мындан тышкары, 60 миң тоннадан ашык буудай бар деп айткан.

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды