Орусия экспортко тыюу салганына карабастан Кыргызстанга дан өнүмүн сатууну улантат

Дан өсүмдүктөрү менен кумшекерди экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгенине карабастан Орусия дан өсүмдүктөрүн Кыргызстанга сатууну улантат. Бул тууралуу 23-мартта экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде Кыргызстанга квота берүү маселеси каралган, анда өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн азык-түлүк жеткирүүнү макулдашышкан.

«[ЕАЭБ] өлкөлөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өзүнүн өндүрүштүк жана керектөө балансы боюнча маалыматтарды алмашып турушат, анын негизинде Орусия ар бир өлкөгө квоталарды аныктайт», — деди Алишеров.

Ал жеткирүү маселеси чечилейин деп калганын, ал эми баланс тууралуу маалыматты 25-мартка чейин берүү керектигин кошумчалады.

Орусия өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 2022-жылдын жай мезгилинин аягына чейин башка өлкөлөргө буудай, жүгөрү жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган.

Кийинчерээк айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Орусия экспортко тыюу салганына карабастан Кыргызстан бул өлкөдөн буудай импорттоону улантарын айткан.

Жаныбеков муну эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда чектөө киргизилгенге чейин эле түзүлгөн келишим бар экени менен түшүндүргөн.