Сот Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 24-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу редакциянын Телеграм-каналында маалымдалды.

Чечимге ылайык, Дүйшөнбиев УКМКнын тергөө изоляторунда калды.

Дүйшөнбиевдиин кармалышы

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Сөз «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болууда, материал телеканалдын социалдык тармкктарына жарыяланган.

Ал эми Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырганАндан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган. Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

Тема боюнча:  

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылды

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат