Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору: Атамбаевди сотко күч колдонуп алып келишкен

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган №47 колонияга барып кайтышты. Бул тууралуу Улуттук борбордон кабарлашты.

Алардын маалыматында, Атамбаев менен маектешүү учурунда 23-мартта Биринчи май райондук сотунда анын иштеринин бири боюнча соттук отурум өтүп жатканда колониянын кызматкерлери Атамбаевди тыш кийими жана бут кийими жок көчөгө сүйрөп чыгып, сотко алып келишкени белгилүү болгон.

Бирок, укук коргоочулардын маалыматына ылайык, Атамбаев өзү мурдараак өзүн начар сезип жаткандыктан сот отурумуна катышуудан баш тарткан арыз жазган.

«Улуттук борбордун кызматкерлери Атамбаев менен маектешүү учурунда колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан. Атамбаев көгала тактарды медициналык каттоодон өткөртүү сунушунан баш тартты», — деп билдиришти борбордон.

Мындан тышкары, укук коргоочулар Атамбаевдин жеке ишинен сотко катышуудан баш тарткан арызы менен колония кызматкерлеринин актысын таппай коюшкан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери колониянын жетекчилигинен мурдагы президенттин камерасынын кире беришинин тушунда жайгашкан көзөмөл камеранын видеосун дагы берүүнү суранышкан. Бирок колониядан серверге кире алышпасын айтып, видеону берүүдөн баш тартышкан.

Бардык аныкталган фактылар боюнча укук коргоочулар мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнөтүшөт.

Атамбаевди колониядан тыш кийими жок алып чыгышканын буга чейин жактоочулары айтышкан болчу. Алардын айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салышкан.

Ошондой эле алар бул окуяга байланыштуу ЖАКтын кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратурага арыз даярдап жатышканын билдиришкен.