Жамалбек Ырсалиев кайрадан борбор калаанын вице-мэри болду

Жамалбек Ырсалев кайрадан Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жамалбек Ырсалиев жана Максатбек Сазыкулов

Ал эми мэр Абдыкадыровдун дагы бир буйругуна ылайык, буга чейинки вице-мэр Максатбек Сазыкулов Биринчи май районуна аким болду.

47 жаштагы Жамалбек Ырсалиев 2021-жылдын июнь айында ошол кездеги калаа башчысы Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Көп өтпөй мэр Кудайбергенов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Жунушалиев келген. Жунушалиев ошол эле жылдын сентябрь айында Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиевди кызматынан бошотуп, ордуна Жамалбек Ырсалиевди дайындаган болчу.

Ал эми 45 жаштагы Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин Каржы министрлигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан бери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда уюштурууну өнүктүрүү департаментинде башчы болуп иштеген.