БШК шайлоону тааныды, Атазов кайрадан депутат болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Свердлов бир мандатуу округу боюнча кайра шайлоону өттү деп тапты. Бул тууралуу «Клоопко» БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШКдан талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевге берилген добуштар жараксыз деп табылганын белгилешти.

Ошентип, депутаттык мандатка добуштардын саны боюнча экинчи орундагы Шайлообек Атазов ээ болду.

Буга чейин БШК Абдурахманхаджи Муртазалиевге берилген добуштар добуштардын төрттөн бир бөлүгүнөн ашса, бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат деп билдирген. Эгер андай болбосо — мандат добуштардын саны боюнча экинчи орунда келе жаткан Шайлообек Атазовго өтөөрү айтылган.

Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады