Садыр Жапаров: Мага кыянат кылгандардын баарын кечиргем

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон окуя тууралуу пикирин билдирди. Буга чейин Атамбаевди «күч колдонуп» тыш кийими жана бут кийими жок сот отурумуна алып келишкен. Ал эми Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Атамбаевдин колунан жана бутунан көк ала тактарды байкашкан.

Жапаровдун айтымында, ал Атамбаев жөнүндө ызы-чууну 25-мартта көрүп, «бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөргө көңүл бурган.

«Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм», — деп билдирди Жапаров.

Президент өч алуу «ага мүнөздүү эмес экенин» баса белгиледи.

«Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот», — деп жазды президент.

Ошондой эле Жапаров Атамбаевдин ишин карап жаткан соттор менен прокурорлорго кайрылды.

«Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?» — деп суроо салды ал.

Атамбаевди күч колдонуп «айдап келүү»

23-мартта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өткөн. Ал жакка унаадан чыгып, процесске катышууга каршылык кылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып киришкен. Жыйынтыгында Атамбаевдин абалы начарлап кеткени үчүн кайрадан колонияга алып кетишип, сот отуруму 30-мартка жылдырылган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыктан сот отурумуна катышуудан баш тартып арыз жазганына карабай аны мажбурлап сот отурумуна алып келишкенин билдирген.

Анын айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салышкан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анын колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан.

«Атамбаев көгала тактарды медициналык каттоодон өткөртүү сунушунан баш тартты», — деп билдиришкен борбордон.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери колониянын жетекчилигинен мурдагы президенттин камерасынын кире беришинин тушунда жайгашкан көзөмөл камеранын видеосун дагы берүүнү суранышкан. Бирок колониядан серверге кире алышпасын айтып, видеону берүүдөн баш тартышкан.

Бардык аныкталган фактылар боюнча укук коргоочулар мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнөтүшөт.

Тема боюнча: Атамбаевдин адвокаты Эдил Байсаловду «дискуссияга» чакырды