Баткен: Подполковник Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип өзүнүн жээни кармалды

Шектүү / Аскарали Мухамадиев. Сүрөт: Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Баткен облустук милициясынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелген кишилер кармалды. Шектүүлөрдүн бири маркумдун жээни. Бул тууралуу 27-мартта Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, алгач 27-мартта Мухамадиев көкүрөгүнөн жараат алып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу кабар келген. Териштирүү маалында маркумду Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз кишилер алып келип, ооруканага таштап кеткени белгилүү болгон.

Баткен милициясынын ыкчам кызматкерлери ошол эле күнү «кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында» Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында изин жашырып жүргөн шектүүлөрдү кармашкан.

Баткен ОИИБден белгилешкендей, шектүүлөрдүн бири 34 жаштагы «Н.С.» аттуу Мухамадиевдин жээни. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, жакында эле камактан бошоп чыккан.

Факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Баткен ОИИБи Аскарали Мухамадиев каза болгонун тастыктап, бирок өлүмүнүн себебин ачыктаган эмес. Ал эми Kaktus медиа басылмасы өздүк булактарга таянып, Мухамадиев 26-мартта Баткендеги кафелердин биринде киши колдуу болгонун жазган.

«Мухамадиев мурда соттолгон тууганы менен Баткен шаарындагы кафелердин биринде олтурган учурда ортосунда чыр чыккан. Натыйжада Аскарали Мухамадиевдин тууганы ага бир нече жолу бычак сайып, ал көп кан жоготкондуктан каза болгон», — деп айтылат басылманын маалыматында.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрелде Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал 2000-жылдан тартып ушул күнгө чейин милицияда иштеп келген.

Мухамадиев 2021-жылдын май айында президенттин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.