Ош шаарында маркум журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди

28-мартта Ош шаарындагы Алымбек датка эс алуу паркында «Акипресс» басылмасынын журналисти Арзыгүл Галымбетованы эскерүү иш-чарасы өттү. Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү токтоп каза болгон.

Арзыгүл Галымбетованы эскерүү.

Маркумду эскерүүгө анын кестиптештери, жакын достору жана активисттер катышты.

Иш-чарага катышкан «Ош ТВ» телеканалынын журналисти Динара Касымова «Галымбетовадай мекен үчүн күйгөн журналистер аз» экенин белгиледи. Ошондой эле, Касымова маркумду «өмүрүн чек арага арнап, берилип иштеген журналист» катары эскерди.

«Баткенде чек ара чырын саналуу гана кыздар чагылдырат. Алардын бири Арзыгүл болчу, анын көпчүлүк убактысы чек арада өтчү. Аябай өкүнчтүү, биз мынтип эскеребиз деп эч качан ойго келчү эмес [...] Бул окуя баарыбызга сабак боло турган окуя болду. Журналисттер ар кандай убактытта иштөөгө туура келет. Ошондуктан кээ бир адамдар журналисттердин ишмердүүлүгүн түшүнбөй ар кандай жаман сөздөрдү айтып, адамдын жеке абийрине шек келтиришет. Бул бир гана Баткендеги блогер эмес. Мен андай адамдар көп экенин билем», — деди Касымова көзүнө жаш алып.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азамат Жээнбеков маркумдун сырдуу өлүмү кылдаттык менен иликтениши керектигин айтты. Ошондой эле, ал «журналисттердин атын жамынып, өздөрүн блогер сезгендерди тартипке салуу керектигин» белгиледи.

«Кыргыз журналистикасында орду толгус жоготуу болуп турат. Баткендин жакшылыгы болобу, жамандыгы болобу — биринчилерден болуп Арзыгүл эжебиз жеткизип турчу. Азыр бул эжебиздин өлүмү аябай сырдуу болуп атат, сөзсүз түрдө иликтениш керек. Баткенде биздин кесиптештер өтө аз. Ал жактагы журналисттер көбүрөк колдоого муктаж», — деди Жээнбеков.

Мындан сырткары, Галымбетованы эскерүү иш-чарасына Ош облусундагы медиа тармагында иштеген журналисттер жана телеканалдарда иштеген журналисттер маркумдун жакшы сапаттарын айтып эскеришти. Андан соң маркумга багышталып куран окулду.

Журналист Арзыгүл Галымбетовага багышталып 27-мартта Бишкек шаарындагы Максим Горький паркында да куран окутулган. Ага маркумдун кесиптештери, группалаштары жана жакын санаалаштары катышкан.

Арзыгүл Галымбетованын өлүмү

Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Андан бир күн мурун ал «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Батмакан Жолболдуева «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп, милицияга арыз жазганы белгилүү болгон.

Журналисттин арыз жазуусуна «Батма-Бат» каналында ал облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана башка белгисиз кишилер менен Баткен шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде отурган видеосу себеп болгон. Мындан сырткары Жолболдуева «түңкү көпөлөктөй Арзуу [Арзыгүл Галымбетова] “Акипресстен”, Баткендин губернатору Абдикарим Карбекович, Кызыл-Кыянын вице-мэри да толтура жетекчилер менен чайлашып отурат» деп жазган.

Ал эми Галымбетова Фейсбугунда түз эфирге чыгып, ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, ал котормочу болгонун айткан. Кийинчерээк Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү түркиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн аныкталган.

Галымбетованын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган. Учурда Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

37 жаштагы Арзыгүл Галымбетова Баткен облусундагы жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды байма-бай жеринен чагылдырып турчу. Өткөн жылдын апрелиндеги эң ири куралдуу жаңжалды да жеринен чагылдырган. Ошондой эле аталган облустагы аткезчилик боюнча да материалдарды даярдап келген.

Өзү Баткен шаарында төрөлгөн, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин аяктаган.

Ал «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында эмгек жолун баштап, «Кыргызстан обондорунда» жана «КТР Обо» гезитинде иштеген. Ал эми 2010-жылдан бери «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткендеги өкүлү жана кабарчысы болуп эмгектенип келген.

Башкы сүрөт Turmush басылмасынан алынды