Тоң районунда Маданият үйүн курууда мамлекетке 2,1 млн сом зыян келтирилген

Сүрөт: Башкы прокуратура

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдары Тоң районундагы Төрт-Күл айылына 200 орундуу Маданият үйүн курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу 28-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

«Дирекциянын кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды көздөп, жалданма компания менен алдын-ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизени аныкталды», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Өткөн жылдын ноябрь айында прокуратура Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгогон. Башпрокуратура шектүүлөр иш жүзүндө курулуш иштери жүргүзүлбөгөн административдик имарат жана мектепке 12 млн сомдон ашуун каражат которгонун аныктаган.