Бир кадр менен: Кыргыз драма театрына Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту коюлду

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 27-мартта актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту коюлду. Скульптураны Тамила Маматова жасаган.

Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Тамила Маматова — дипломдук иши менен белгилүү болгон скульптор айым. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасаган.

27-мартта кыргыз трама театрынын ачылышы да болгон. Театр 2019-жылдын ортосунда капиталдык оңдоого жабылган. Театрдын ачылышына арналып Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде «Төлгө» эпикалык спектакли коюлган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айкелчи Тамила Маматова жасаган Таттыбүбүнүн айкели кыргыз драма театрына коюлат