ИИМ Улуу Британияга сезондук жумушка орноштурууну убадалган шылуундар бар экенин эскертти

Улуу Британиядагы жумушчулар. Сүрөт: «Пикабу»

Ички иштер министрлиги чет өлкөлөргө, айрыкча Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына орношууда алдамчылыкка дуушар болуу коркунучу бар экенин экертти. Билдирүүнү ИИМдин басма сөз кызматы 29-мартта таратты.

Мекемеден Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен британиялык Agri HR компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөнүн эскертти. Ага ылайык, кыргызстандыктар сезондук айыл чарба иштерине мигранттарды тарткан британдык программага катыша алат.

ИИМден учурда социалдык тармактарда кыргыз жарандарын Улуу Британия, ошондой эле Европа жана Азиянын башка өлкөлөрүнө ишке орноштуруу жөнүндө шек жараткан жарнамалар жарыяланып жатканын маалымдады. Мындан улам милиция кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну убадалаган «мыйзамсыз иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аныктоо боюнча» иш-чараларды жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

«Алдамчылык аракеттерге жол бербөө, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларына бөгөт коюу максатында ИИМ шектүү фактылар же адамдар боюнча төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 26-61-70 же (0312) 26-61-65. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору — 1899 же 102», — деп берилет министрликтин билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, ИИМ сезондук айыл чарба иштерине ишке орноштуруу эрежелери жөнүндө маалыматты Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан жана Agri HR компаниясынын сайтынан алууга чакырды.

Кыргызстандыктар үчүн британиялык программа

Эдил Байсалов макулдашууга кол коюу аземинде. Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

17-мартта кыргыз бийлиги британиялык Agri HR компаниясы Кыргызстандын жарандарын сезондук жумуштарга орноштуруу боюнча макулдашууга кол койгон. Кол коюу аземине катышкан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов бул «кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт» деп билдирген.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында экономикасы дүйнөдө алдыңкы орунга ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт», — деген Байсалов.

Байсалов Министрлер кабинети эмгек мигранттары үчүн «жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат» деп ишендирген. Ошондой эле ал бул иш артыкчылыктуу экенин жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт деп белгилеген.

Минкабдын басма сөз кызматынан кыргызстандыктар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келүүгө милдеттүү экенин белгилешкен. Аталган программаны Улуу Британиянын өкмөтү 2019-жылы ишке киргизген — ага ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына сезондук жумуштар үчүн атайын квоталар бөлүнөт.