Лейлек: Тажикстанга күйүүчү май жана энергетик алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда коңшу Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май жана энергетикалык суусундуктарды алып өтүүгө аракеттенген айдоочулар кармалды. Бул тууралуу 29-мартта УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Жаштык айылында «Жигули» жана Opel Vectra үлгүсүндөгү эки унааны токтоткон. 28 жана 36 жаштагы айдоочулар Тажикстанга күйүүчү май ташып бара жатканы аныкталган.

Көп өтпөй чек арачылар Бешкент аймагында 33 жаштагы тургун башкарган Mercedes-Benz Sprinter унаасын кармашкан. Ал коңшу өлкөгө 400 блок энергетикалык суусундуктарды алып кирүүнү көздөгөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн жалпы баасы 500 миң сомду түздү. Чек арачылар тийиштүү документтерди каттаган соң, күйүүчү май жана энергетиктер компетенттүү органдарга өткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-март күндөрү Чек ара кызматы Баткен районунда Өзбекстандан Кыргызстанга мөмө-жемиш алып өтүүгө, ошондой эле Тажикстанга күйүүчү май ташыган бир нече унааны кармашкан. Маалыматка ылайык, аткез жүктүн баасы 700 миң сомду түзгөн.