Сузакта 2,5 жашар өгөй кызын сабап өлтүрүүгө айыпталган кишиге мунапыс колдонулду

Сүрөт: «Справедливость» уюму

Жалал-Абад облустук соту 2,5 жашар Асия Рахматуллаеванын өлүмүнө айыпталган өгөй атасы Тураталы Үсөновду 10 жылга эркинен ажыратып, бирок жаза мөөнөтүн үчтөн бирге кыскартты. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунун адвокаты Нурислам Райимжанов билдирди.

Маалыматка ылайык, Үсөнов «Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келен ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Бирок «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына» карата мунапыс колдонулган.

Буга чейин Сузак райондук соту Үсөновду «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен 4,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми райондук прокуратура жана маркумдун мыйзамдуу өкүлдөрү бул чечим менен макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна даттанышкан.

Адвокат Райимжанов облустук соттун чечими менен да макул эместигин айтып, Жогорку сотко даттанаарын билдирди.

«Эгерде адам атайлабай бир аракет жасаса же өзүнүн күчүнө баа бербестен уруп алса — аны этиятсыздык деп кабыл алса болмок. Бирок бул жерде наристени мыкаачылык менен сабоо болуп жатпайбы», — дейт Райимжанов.

Алгач кылмышка наристенин энеси соттолгон

Мындан үч жыл мурун Сузак районунда 2,5 жашар наристе киши колдуу болуп, анын өлүмүнө энеси Тахмина Мансурали кызы айыпталган. 2019-жылдын ноябрь айында Сузак райондук соту Мансурали кызын «Киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга кескен.

Айыпталуучу кош бойлуу болгонуна байланыштуу 2020-жылдын январь айында жаза өтөө мөөнөтү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Ошол эле жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы өкүмдү облустук сотко даттанып, Асиянын өлүмүнө өгөй атасы Тураталы Үсөновдун тиешеси бар экенин билдирген.

Көзөмөл орган кыздын апасы күнөөнү мойнуна алганда наристени «телефондун кубаткычынын зымы менен сабаганын» айтканын, бирок соттук-медициналык экспертизадан кыздын өлүмүнө башка жарааттар себеп болгону аныкталганын жүйө келтирген.

Прокуратуранын даттануусунда «[Тураталы Үсөнов] кыз ыйлабашы үчүн мурч кошулган арак ичирген, кыз өгөй атасын көргөндө шымына сийип алчу» деп жазылган.

Мындан сырткары, облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна таянып, кыздын боору жарылып, колу жана тизесинде, ошондой эле, белинде көкала тактар бар болгонун, андан сырткары, наристенин башында 38 миллиметр кан уюп калганын билдирген.

«[Эксперттер] мындай жаракат мокок нерсенин соккусунан же дубалга тийүүдөн [болгонун билдиришкен]», — деп жазылат «Справедливость» уюмунун билдирүүсүндө.

Асиянын жакындары ал өгөй атасынан корккондуктан бала бакчадан үйүнө кайтууну каалаган эместигин жана Үсөновдун жанында калбоо үчүн кечки тамак ичпей эле жатып алганын айтып берген.

«Үсөнов Тураталы мурун [уурулук үчүн түрмөдө] отуруп чыккан бала экен. Соттолуп чыккандыктан ал ар кандай кылмышка барышы мүмкүн. Себеби өгөй кызы болгондуктан ага чейин деле Тахминага айтып жүргөн экен: “Кызыңды бир күнү өлтүрүп саламын, ачуума жаман тийип жатат. Эмне үчүн кызыңды ата-энеңе бербейсиң? Мен сага үйлөнгөнмүн” деп. Бирок үйлөнүп жатканда: “Тахмина, мен сени жакшы көрүп калдым, кызың менен кошо аламын, кызыңа ата боломун” деп айткан», — деген Мансурали кызынын жактоочусу Гүлжамал Былыкова.

Мындан сырткары, адвокат өгөй ата кызды тамеки тарканга да мажбурлап жүргөнүн кошумчалаган.

Ал эми Тахминанын атасы Мансурали Боматов Үсөнов күнөөнү кызынын мойнуна мажбурлап алдырган деп эсептейт.

«Күйөө балам кызыма айтыптыр: “Унааны сатып, сени чыгарып аламын, сен мойнуңа алып тура бер. Аял кишини камабайт, башка кылбайт — сен энесиң” деп алдап коюптур», — деп айтып берген Боматов.

Асиянын өгөй атасынын бир тууган агасы Мырзабек Үсөнов журналисттерге курган маегинде окуя болгон күнү маркум бала бакчага барбай, иниси менен үйдө калганын билдирген.

Мырзабек Үсөнов наристенин өлүмүнө ким күнөөлүү экенин «айтуу кыйын» деп белгилеген. Ошондой эле ал Асияны багып алууга ниети болгонун, бирок иниси Тураталы бербей койгонун айткан.

«Мени жакшы көрчү, эки таттуу кармап алыптыр: “Чоң атама берем” деди. Мен аны көрүп, ыйлап… жакшы, сонун кыз эле да. “Мага бергиле, багып аламын” десем көнбөй койду [...] Мен эми инимди мактай албаймын, жаман деп да айта албаймын. Өзү мурда ичет эле, Жаңы жылдан мурда дааватка алып чыккан элем “ичпе” деп ичирбей койгонмун да. Бирок кыз жакшы эле да, кызга боорум ооруйт, жаш кыз эч нерсени көрбөй кетти», — деп айтып берген Мырзабек Үсөнов.

Прокуратуранын даттануусунан кийин Жалал-Абад облустук соту ишти кайра кароого жиберген. Ал эми Сузак райондук соту 2021-жылдын 12-ноябрында Тураталы Үсөновду «Этиятсыздан киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүүдеп таап, 4,5 жылга кескен.

Анткен менен прокуратура жана «Справедливость» уюмунун адвокаттары өкүм менен макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна кайрылышкан. Алар Үсөновго «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагууну талап кылышкан.