Чет өлкөдө жумушка орноштурууну убадалап алдап кеткендер боюнча 32 кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги 2022-жылдын үч айында мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 32 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу басма сөз жыйында ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Макилов алдамчылар кыргызстандыктарга чет өлкөдө жумушка орноштурууну убадалап, акча алып, андан соң издерин жашырып кетип жатканын айтып берди. Анын маалыматына ылайык, мындай окуялардын көбү Бишкек жана Ошто катталат.

«Мындай укукка каршы аракеттердин көпчүлүгү Бишкек шаарында, ошондой эле Ош шаарында жасалган. Арыз менен кайрылган жарандардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүндө, ошондой эле АКШда, Канадада, Кореяда иштөөгө аракет кылышкан», — деди Тергөө кызматынын башчысы.

Анын айтымында, тогуз иш боюнча иликтөө аяктап, сотко өткөрүлгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жалпысынан чет өлкөдө эмгек миграциясында 1 млн 118 миң кыргызстандык бар. Алардын бир миллионго чукулу Орусияда иштейт.