«Элим деп жанган асыл жан». Депутат Нарматова өзү тууралуу ырдын клибине тартылды

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Фейсбук барагына өзү тууралуу ырдын клибин чыгарды.

Ырдын клибине Нарматова өзү тартылган: ал паркта сейилдеп, Курманжан Датканын айкелинин алдында туруп, аны карайт. Клипте Нарматованын сүрөттөрү кошулуп жасалган слайд-шоу да бар.

«Элим деп жанган асыл жан» деп аталган ырды Шарип Аббулаев аткарган, ал эми сөзүн Шамурза Борукулов жазган.

Композициянын автору Нарматованы алай ханышасы Курманжан Даткага салыштырып, депутат «батышчыл шүмшүктөрдү аябайт» деп айтат.

  • Мындан тышкары, текстке ылайык, Нарматова:
  • Моюнга кылыч такап турса дагы жаманга жакшы сүйлөп жагынбайсыз;
  • улуттун улуулугун бийик тутуп, кыргызды кыргыз бойдон сүйгөн жансыз;
  • Аялдан оозуп чыккан чыгаансыз,бүлөгө жарык чачкан чыраксыз. Жардамга муктаждарга колду сунуп, жашоого кыргыздардын ынагысыз;

Надира Нарматова — парламенттеги бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты.2022-жылдын 9-мартында депутат укук коргоо органдарына кайрылып, 8-марттагы тынчтык маршын уюштургандарга чара көрүүнү суранган. Бул жылы марш тең укуктуулукка эле эмес, Украинада тынчтык орношу үчүн да арналган.

Нарматова маршты бейөкмөт уюмдар уюштурганын, ал Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан согушта Кыргызстандын бейтарап позициясын бузуп жатат деп айткан. Бирок депутат «бейтараптуулук кантип бузулуп жатканын» түшүндүргөн эмес. Кыргызстан расмий деңгээлде да Украинаны тынчтыкка чакырып жатат.

Нарматова «чет элдик агенттерге» каршы

Нарматова 10-февралда парламент жыйынында кесиптештерин 2014-жылы өзү демилгелеген «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырган. Депутат Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар «бийликке тынчтык бербей жатат» деп эсептейт.

Надира Нарматова дагы эмнеси менен белгилүү экенин «Клооптун» бул материалынан окуңуз