Надира Нарматова 8-мартта тынчтыкка чакырган активисттерге чара көрүүнү талап кылды

Депутат Надира Нарматова укук коргоо органдарына кайрылды. Депутат алардан 8-марттагы марштын уюшчуруучуларына чара көрүүнү суранды.

Нарматованын айтымында, марштагы ураандарды «6-7 млн элдин үнү катара баалаганга болбойт».

«Кечээ, 8-мартта бейөкмөт уюмдарынын уюштурган акциясы өттү. Биздин мамлекеттин, 6-7 миллионго жакын элдин үнүн ошол бейөкмөт уюмдар уюштурган акция менен баалаганга болбойт. Бүгүнкү күндө мигранттардан, ар башка шаарлардан телефон чалуулар болуп жатат. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, түбөлүк, өмүр бою келаткан Орусия мамлекети жөнүндө дагы, Украина мамлекети жөнүндө дагы калыс эле [позицияда] туруп аткандан кийин биздин мигранттардын жашоосуна тоскоолдук кылбаса. Ошондуктан ошол бейөкмөт уюмдардын жасаган аракеттерин укук коргоо органдары тарабынан ирээтке, тартипке келтирбесе болбойт. Антпесе бул иш-аракет бүткүл өлкөнүн атынан жүргүзүлүп жатат деп ойлошот», — деп билдирди ал.

Депутат акцияга чыккандардын тынчтыкка чакырган ураандары бейтараптуулукту кантип бузуп жатканын түшүндүргөн жок. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын бийлиги да Украинадагы кырдаал тынчтык жолу менен чечилишин каалайт.

Мындан тышкары, Нарматованын марштын уюштуруучуларын же катышуучуларын жоопко тартуу талабы өлкөнүн башкы мыйзамы болгон Конституцияга каршы келет. Конституция кыргызстандыктардын тынчтык митингге катышуу укугун чектебейт. Башмыйзамдын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштарга өз каалооосу менен чыгууга укуктуу.

Бишкекте 8-мартта аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтүп, ага 500гө жакын адам катышкан. Бул жылы марш тең укуктуулук темасына эле эмес, Украинадагы согушка да арналган. Анда «Согушка жол жок», «Дүйнө аялдары согушка каршы» жана «Ырыс алды ынтымак» деген чакырыктар айтылган.

Согуш эмес, тынчтык — Кыргызстан расмий мына ушундай позицияны карманып жатат. 5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев Москвадагы брифингде Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн.

Ал тургай Казакбаев Кыргызстанды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча катары сунуштаган.

«Биз согуштан кийинки дүйнөлүк тарыхта болуп көрбөгөндөй кризиске күбө болуп жатабыз. Дүйнө кыйроо алдында турат, андан кийин биздин цивилизация оңбой калышы мүмкүн», — деген кыргыз дипломаты.

Ушундай эле позицияны Кыргызстандын Борбор Азиядагы коңшулаштары да карманат — тараптарды жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырып жатышат.

Депутат Надира Нарматова үчүн марш тууралуу материалдардын топтому:

«Согушка жол жок». Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршы өттү

Cүрөт баян: Бишкектеги аялдардын укугу үчүн тынчтык маршы

«Аялдын орду бүт жерде». Ошто аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш өттү