Сот убактылуу кармоо изоляторунда 9 ай отурган кишиге кенемте төлөөдөн баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту соттолгон Адилет Асановго 1 млн сом кенемте төлөөдөн баш тартты. Ал убактылуу кармоо изоляторунда белгиленген 48 сааттын ордуна 9 ай отурган. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Укук коргоочулар Асанов 2020-жылдын майы айында каракчылык үчүн соттолгонун билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Асанов Ноокен РИИБнин убактылуу кармоо изоляторунда караңгы жана антисанитардык шартта кармалган, ага сапатсыз тамак-аш берилген. Мындан тышкары, ал таза абасы жана төшөнчүсү жок камерада отурган. Ошондой эле кармалгандар жерде же керебетте отуруп тамактанууга аргасыз болушкан, себеби камерага стол жана отургучтар коюлган эмес.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, өткөн жылдын январында Асанов жана башка кармалгандар камерага 20 күндөн ашык суу берилбегендиктен ачкачылык жарыялаган. Биринчи жолу ал 2021-жылдын апрелинде кенемте сурап Ноокен райсотуна кайрылып, ал жерден арызын канааттандыруудан баш тартышкан.

Уюмдан белгилешкендей, кийин Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы Асановдун арызын канаттандыруудан баш тарткан чечимди катачылык деп атаган. Бирок 2022-жылдын 29-мартында Биринчи май райондук соту Асановго 1 млн сом кенемте төлөп берүүдөн баш тарткан.

Эми укук коргоочулар Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот Асановдун пайдасына чечим чыгарат деп үмүт артат.