Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер бир айга камакка алынды

Батмакан Жолболдуева

«Акипресс» басылмасынын журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Батмакан Жолболдуева 26-апрелге чейин Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 31-мартта «Клоопко» Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замир Ормонов билдирди.

Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында 28-мартта кармалган. Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 25-мартта маркум журналист Галымбетова «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп, Жолболдуеванын үстүнөн арыз жазган.

Анда соң Галымбетованын саламаттыгы начарлап, Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Бирок дарыгерлердин жардам көрсөткөнүнө карабай журналист ошол эле түнү жүрөгү токтоп, каза болгон.

Журналисттин өлүмүнөн кийин Бишкек жана Оштогу кесиптештери аны эскерүү иш-чараларды өткөрүшкөн.

Тема боюнча:

Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу «Батма-Бат» каналынын автору кармалды