Токмок шаардык соту жашы жете элек кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кишини 13 жылга кести

Иллюстративдик сүрөт. 

Токмок шаардык соту жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн кишини күнөөлүү деп тапты. Бул маалыматты юрист Эсения Рамазанова 24.kg басылмасына такстыктады.

Рамазанова шаардык сот айыпталуучуну 13 жылга эркинен ажыратканын белгиледи. Юристтин айтымында, сексуалдык зомбулукка кабылган учурда кыз тогуз жашта болгон. Айыпталуучу тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бирок кийинчерээк берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан.

«Сотто ал [айыпталуучу] күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын мурда соттолбогону эске алынып, иш жүзүндө жазанын эң жогорку мөөнөтү 13 жыл деп белгиленди. Соттун чечимине макулбуз, жогорку инстанцияга даттанбайбыз», — деди ал.

Токмокто өспүрүм кыз сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылганы тууралуу 2021-жылдын жай айларында белгилүү болгон. 25-июнда шаар тургуну милицияга кайрылып, колунда багып жүргөн жээнине карата ыплас аракеттерди жасаган коңшусуна чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз жазган аял кыздын расмий камкорчусу экенин билдирген.

«Таежесинин колунда тарбияланган өспүрүм түндө дааратканага баратканда кошуна киши токтотуп, унаага сүйрөп кирген. Аны унаанын арткы орундугуна күч колдонуп отургузган. Таежеси кызды издеп чыгып, унаанын жанына келгенде айыпталуучу “дарбазадан сырка чыгып кетти” деп жооп берген. Кийин өспүрүм үйүнө ыйлап келип окуя тууралуу айтып берген. Кыздын айтымында, айыпталуучу ага туугандарыңа айтсам өлтүрөм деп коркуткан. Андан соң ажатканага барып, ошол жактан келе жаткандай түр көрсөтөсүң деп буюрган. Шектүү кармалды», — деп айтып берген окуя тууралуу Эсения Рамазанова ошол кезде.

Адвокат психологиялык-психиатриялык экспертиза кыздын калп айтпаганын, окуяны көбүртүп-жабыртууга жакын эместигин аныктады деп кошумчалаган.

Балага карата зордук-зомбулук

Өткөн жылы Кыргызстандагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова 2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 учуру катталганын билдирген — анын 151и кыздарга карата жасалган.

Рысбекованын айтымында, 177 бала физикалык зомбулукка кабылган, 71 жеткинчекке карата сексуалдык зомбулук жасалса, алардын 63ү кыздар болгон. Ошондой эле, 36 бала психологиялык зомбулукка учураган.

Балдар укугу боюнча адис зомбулуктун 43% учуру 8 жаштан 14 жашка чейинки балдарга карата жасалганын кошумчалаган. Ал эми сексуалдык зомбулуктун 51%ы 15 жаштан 18 жашка чейинкилерге жасалган.

Тема боюнча:

2020-жылы өлкөдө 71 бала сексуалдык зомбулукка кабылган — Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт