Жалал-Абад: Мектеп куруу үчүн бөлүнгөн жер мыйзамсыз менчикке берилип кеткен

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мектеп куруу үчүн бөлүнгөн муниципалдык аянттан жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз ажыратылып берилгени аныкталды. Мыйзамсыз берилген жердин баасы 1 млн 70 миң сом деп бааланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратурадан Кара-Ой айлынынын аймагындагы жер тилкесин менчикке чыгаруу тууралуу токтомду Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү 2020-жылы кабыл алганын белгилешти.

Көзөмөл органдан жерди мамлекеттин карамагына өткөрүү максатында райондук прокуратуранын сотко келтирген доо арыздары толугу менен канааттандырылып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылганын кошумчалашты.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылган болчу.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жоопту кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Наркы 100 миллион сомго тете жер мамлекетке кайтарылды

Ош прокуратурасы мэрия тарабынан мыйзамсыз сатылган жерди кайтарды