Абдил Сегизбаевге 4 млн сом айып салынып, сот залынан бошотулду

Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге 4 млн сом айып салынып, эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулганын кабарлады.

Анткен менен, бир апта мурун 28-мартта ушул эле сот Сегизбаев 20-майга чейин УКМКнын ТИЗОсунда кармалат деп билдирген болчу. Анда 18-март күнү коопсуздук комитеттин тергөө кызматы Сегизбаевди УКМКнын ТИЗОсунда 2022-жылдын 20-майына чейин калтыруу тууралуу өтүнүч келтиргени маалымдалган.

Сегизбаев дартка чалдыкты

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден онкологиялык дарт аныкталганын «Клоопко» Сегизбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров билдирген.

Адвокат Сегизбаевде туруксуз стенокардия жана калкан безинин рагы бар экенин айткан. Абакиров УКМКнын экс-төрагасынын дарты өкмөт тарабынан бекитилген оор илдеттердин катарына кирерин, аны УКМКнын тергөө изоляторунда кармоого болбосун кошумчалаган.

«Сегизбаевдин абалы оорлоп баратат. Ага операция жасалганы турат, ал эми ТИЗОдо калуусунун кесепети оор болушу ыктымал. Сот жыйынында баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин биз чогу чечебиз», — деген Абакиров.

Сегизбаев эмне себептен ТИЗОдо?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Кармоо 2016-жылы чуу жараткан, «Белизгейт» деп аталган ишке байланыштуу болгон. Бирок бул саясатчыга каршы козголгон алты иштин бирөөсү гана.

2016-жылы Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турган кезинде «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген.

Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Ошол эле убакта үч депутатка карата башка иштер боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан.

Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчысы болуп Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаевге каршы иштердин калгандары УКМКнын кызматкерлерине батир, энчилүү курал, жер участокторун, ал тургай атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнө бюджеттин эсебинен командировка берүүгө байланыштуу.

Ал эми Сегизбаев жана анын жакындары бардык айыптарды четке кагып, аны «саясий өч алуу» деп айтышууда. Сегизбаев 10-январда мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн президенттик шайлоого катышып, 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген жана шайлоочулардын 1,46% добушуна ээ болгон.

Ал президенттик шайлоо учурунда атаандашы, учурдагы президент Садыр Жапаровду кескин сынга алып, аны бозгун президент Курманбек Бакиев менен «тыгыз байланышта» деп билдирген. Сегизбаев КТРКнын түз эфиринен Максим Бакиев кендерди кантип сатып, акчалардын изин кантип жашырганын айтып берген.