«Кылмыштын курамы жок». «Путинизмге» каршы митингге чыккандар акталды

3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Путинизмге каршы» митингге катышкандардын иши каралды. Митинг 2-апрель күнү Максим Горький атындагы гүлбакта башталып, бирок укук коргоо органдын кызматкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураган.

Анда акциянын катышуучулары милиция тарабынан кармалып, укук коргоо органдын кызматкерлерине бай ийбөө айыбы тагылган. Бирок видеодалилдер кармалгандар милицияга баш ийгенин көрсөткөн, гүлбакта митингдин өзүнө деле уруксат берилген болчу.

Биринчи май райондук соту активисттердин баарын кылмыштын курамы жоктугунанактады. Себеби митинг башталганга чейин эле сот гүлбактын жанында тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген болчу. Бул тууралуу 2-апрель күнү кечинде президент Садыр Жапаров да айткан. Ал эми өлкөнүн башкы мыйзамы Конституция кыргызстандыктарга каалаган жеринде тынчтык чогулуштарын өткөрүүнү кепилдейт.

Адвокат Бакыт Автандил кармалгандарга карата иш ушундай жыйынтык менен аяктаганын Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы билдирүүсү менен да байланыштырды. Анын айтымында, президент Горький атындагы гүлбакта иш-чараларды өткөрүү мыйзамдуу экенин айткан.

«Соттор жана укук коргоо органдын кызматкерлери президенттин билдирүүсүнө каршы чыга алышкан жок», — деди ал.

Сотто 25 кишинин иши каралды — алардын баары акталды. Сотко келгендердин арасында митингде жана Биринчи май РИИБде чагымчылдык уюштурууга аракет кылган блогер Илим Исраилов болгон жок. Укук коргоо орган кызматкерлеринин биринин айтымында, Исраилов түшүндүрүү иштери менен кутулуп кеткен болушу мүмкүн.

Митингдин катышуучуларына карата сот кандай өттү?

Акциянын катышуучулары сотко 3-апрель саат 10:00гө чакыртылган. Бирок аларга карата ишти кароо бир жарым саат кечигүү менен башталды.

«Өлкөбүз бир жерде оюбузду айтуу үчүн уруксат сурагандай автортардык өлкөгө айланышын каалабайм», — деп билдирди «Путинизмге каршы» митингдин модератору Айзирек Алмазбекова сот отурумунда.

Айыпталгандардын арасында 77 жаштагы Валерий Булашов да болду, ал сотто милиция кармап кетерде маршка катышпаганын, Горький атындагы гүлбактын айланасында сейилдеп жүргөнүн айтты.

Биринчи май райондук соту 63 жаштагы жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду да актады. Ал буга чейин 17-апрелде да Орусия элчилигинин алдындагы акцияда милицияга баш ийбеген делип «Майда бейбаштык» беренеси боюнча кармалган.

Активист Рита Карасартова Украинадагы согушка каршы чыгууну токтотпосун айтты.

«Үндөбөй коюу — согушту колдогондук. Кыргызстан санкциялак тизмеге кирип калышын каалабайм. Ошондуктан согушка каршы оюмду айтканды токтотпойм», — деди Карасартова.

Активисттерди Равшан Жээнбеков сыяктуу айрым саясатчылар да колдоп келди. Ал «Путинизмге каршы» митингге келгендер кармалганын мыйзамсыз деп эсептейт. Саясатчы милиция кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө каршы аракет көрүшкөнүн, президент Горький атындагы паркта «24/7» каалаган иш-чараны өткөрсө болорун айтканын эскертти.

«Эгер президент чындап эле сөзүнө турса, анда ал бул жаштарды колдоп, өз оюн айтышы керек эле», — деп эсептейт саясатчы.

Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов соттор кандайдыр бир убакытка митинг өткөрүүгө тыюу сала албасын, себеби ал бул Конституцияга каршы келет деп белгиледи.

«Сот өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаты. [...] Эч ким бизге, кыргыздарга, Кыргызстандын жарандарына, кайсыл жерде чогулуш керектигин, кайсыл жерде болбой турганын айта албайт. Бул Конституцияны түздөн-түз жана одоно бузуу», — деди адвокат.

Ошондой эле юрист кимдир бирөөлөр уруксат берилген митингдерден массалык кармоолорду уюштуруп, президентти «жаман аттуу» кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

Биринчи май райсондук сотуна акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери да келип, соттук отурумга байкоо салышты.

«Путинизмге» каршы митинг.

Бишкекте 2-апрелде «Путинизмге каршы» эки тынчтык митинги өткөн. Биринчи Орусияны колдоо митинги — ага катышкандар кармалган эмес. Андан соң «Путинизмге каршы» тынчтык митинги өткөн. Бирок ал 15 мүнөткө да созулган эмес — катышуучуларды милиция кармап кеткен.

Укук коргоо органдары соттун чечимине, ал эми акциянын катышуучулары Конституцияга жана президент Садыр Жапаровдун Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагына митингдерди өткөрө берсе болот деп айтканына таянышкан.

Жыйынтыгында 30 чакты активист укук коргоо кызматкерлерине баш ийбеди деген жүйө менен Биринчи май РИИБне жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров чындыгында эле Фейсбук барагына «Путинизмге» каршы 2-апрелде өтө турган антиаскердик митингдердин шартында кайрылуу жасаган. Митингдин уюштуруучулары алгач Горький атындагы парктан Орусия элчилигине чейин жөө жүрүш менен келип, андан соң таркап кетүүнү пландашкан.

Өлкө башчысы «бирөө жарым элчиликке келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок» деп белгилеген. Анткен менен митингдин катышуучулары кайсыл бир жактын «эшигин каккылоону» паландашкан эмес.

Президент өлкө «демократия багытынан кайтпаганын» жана «жарандардын оозун тыйып, укугун чектебесин» дагы билдирген.

«Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч: Элчиликтерди тынч койуңуздарчы», — деп кайрылган өлкө башчысы.