Орусиянын «Урал аба жолдору» компаниясы Кыргызстанга беш жаңы авиакаттам ачат

Сүрөт: «Урал аба жолдору»

«Урал аба жолдору» компаниясы жай мезгилине карата Орусиядан Кыргызстанга беш жаңы авиакаттам ачат. Маалымат авиакомпаниянын сайтында жарыяланды. Ага ылайык:

  • жума күндөрү Владикавказ — Ош — Владикавказ;
  • шаршемби күндөрү Красноярск — Бишкек — Красноярск;
  • бейшемби күндөрү Самара — Бишкек — Самара;
  • ишемби күндөрү Сочи — Бишкек — Сочи;
  • дүйшөмбү күндөрү Иркутск — Бишкек — Иркутск каттамдары жүрөт.

Орусиянын аскерлери Украинага бастырып киргенден кийин орусиялык авиакомпаниялар санкцияларга туш болушкан. Мындан улам «Аэрофлот», S7 Airlines, «Азур эйр» жана «Победа» эл аралык каттамдарды убактылуу токтолган. Бирок «Урал аба жолдору» учууларды токтоткон эмес.

Орусиянын жарандык учактарынын дээрлик жарымы батыш компанияларынан ижарага алынган. Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алышкан. Мындан улам орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы мүмкүн.

Ал эми 15-мартта кыргызстандык «Эйр Манас» авикомпаниясы Орусияга учууларды убактылуу токтоткон. Компания муну Орусиянын аймагындагы каттамдардын камсыздандыруусу токтотулганы менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва — Бишкек — Москва багыты боюнча каттамдарын 22-марттан тарта жанданткан.

Дагы окуңуз:

«Билет кымбат, каттам жок». Орусиядан кайта албаган мигранттар