«Аэрофлот» Москва — Бишкек — Москва каттамдарын жандантты

Сүрөт: «Аэрофлот» компаниясынын басма сөз кызматы

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва — Бишкек — Москва багыты боюнча каттамдарын 22-марттан тарта жандантты. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейстер эртең менен жана түштөн кийин болот. Ал эми «Аэрофлоттун» сайтында Бишкек — Москва каттамына билеттер 23-марттан тарта сатыкка коюлганын көрүүгө болот.

«Аэрофлот» авиакомпаниясы 8-марттан тарта бардык эл аралык рейстерин токтоткон. Компания мындай чечимин, «учууларды аткарууга тоскоол болгон кошумча жагдайлардын келип чыгышы менен» түшүндүргөн. Бирок так себебин айткан эмес.

Орусиянын аскерлери Украинага бастырып киргенден кийин орусиялык авиакомпаниялар санкцияларга туш болушкан. Өлкөнүн жарандык учактарынын дээрлик жарымы батыш компанияларынан ижарага алынган.

Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алышкан. Мындан улам орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы мүмкүн.

«Аэрофлот» компаниясына чейин S7 Airlines компаниясы Кыргызстанга каттамдарын 5-марттан тартып токтоткон. Ошондой эле орусиялык «Азур эйр» компаниясы да эл аралык рейстер токтотулганын кабарлаган. Мындан сырткары, «Победа» авиакомпаниясы учууларды апрелдин аягына чейин токтотууну чечкен.

Көп өтпөй Казакстандын Air Astana жана Qazak Air авиакомпаниялары Орусияга каттамдарды токтоткон. Казак тарап муну Орусияга учкан рейстердин камсыздандыруусу токтотулганы менен түшүндүргөн. Бирок 13-мартта Qazak Air Орусияга авиакаттамдарын кайра жанданткан.

КЫргызстандык «Эйр Манас» авикомпаниясы 15-мартта айдын аягына чейин Орусияга учууларды убактылуу токтотту. Компания муну Орусиянын аймагындагы каттамдардын камсыздандыруусу токтотулганы менен түшүндүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эйр Манас» Орусияга каттамдарын марттын аягына чейин токтотту

«Билет кымбат, каттам жок». Орусиядан кайта албаган мигранттар