Украина Бучада ондогон жай тургун өлтүрүлгөнүн билдирди, Орусия аны «чагым» жана «жасалма» деп атады

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу уланып жатат.

БУУнун маалыматына ылайык, Украинада кеминде 1417 жай тургун, анын ичинде 121 бала каза болуп, 2038 киши жарадар болгон. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.

2-апрель күнү кечинде Киевге жакын — бир айга чукул орус аскерлери ээлеген — Буча шаарында ондогон жай тургундун сөөгү табылганы маалымдала баштаган. Бул тууралуу «Франс Пресс» жана Reuters маалымат агенттигиктеринин журналисттери билдиришти, алар бир эле көчөдөн 20 чакты адамдын сөөгүн сүрөткө тартып алышкан. Алардын айрымдары колдору артына кайрылып байланган абалда табылган. Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук адамдарды желкесине атып өлтүрүшкөнүн, шаар сөөктөргө толгонун билдирди. Журналисттердин айтымында, кээ бир адамардын сөөгү бир нече күн же ал тургай бир нече апта жолдо жаткан.

Федоруктун айтымында, украин бийлиги Бучадагы көрүстөнгө шаарга көзөмөл кайтарылгандан кийин 280 адамдын сөөгү жерге берилген.

Эскертүү! Видеодо өлүм учурлары тартылган.

Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова Киев облусунун бошотулган аймактарынан 410 жай тургундун сөөгү чыгарылганын билдирди. Украин армиясы Киев облусуна көзөмөлдү толугу менен 2-апрелде орнотту.

Венедиктованын айтымында, учурда тергөө топтору «Орусиянын баскынчыл күчтөрүнүн ар бир кылмышын катоого алуу» менен алек.

«Бул тозоктун-тозогу, аны кылган желмогуздарды жазалоо үчүн баарын документтештирүү керек», — деп билдирди башкы прокурор.

«Эми орус мамлекети ушундайча кабыл алынат. Бул силердин образыңар. Силердин маданиятыңар менен адамдык жүзүңөр силер кол салып кирген укаиндер менен кошо өлдү», — деди Украинанын президенти Владимир Зеленский жай тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу сүйлөп жатып.

Окуяга комментарий берген дүйнө лидерлери аталган кылмыштардын ар бирин иликтөөгө чакырып, күнөөлүүлөр сот жообуна тартылгыдай болушу керектигин айтышты.

«Путиндин аскер машинасын ачка калтыруу үчүн колуман келгендин баарын кылам. Биз санкцияларыбызды жана аскердик колдообузду көбөйтүп жатабыз, ошондой эле жеринде муктаждарга жардам берүү үчүн гуманитардык жардамыбыздын пакетин кеңейтип жатабыз», — деди Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алар орус аскерлеринин аскердик кылмышын документтештирүү жана бар маалыматтарды тиешелүү уюмдарга берүүнүн үстүндө иштеп жатышканын белгиледи.

«Бул үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик кылмыштуулук боюнча айыптын баарын четке кагууда. Ведомство орус аскерлери Бучада жай тургундарды өлтүргөн деген билдирүүлөрдү «кезектеги чагым» жана «батыштын ЖМКлары үчүн атайын даярдалган жасалма аракет» деп атады. Коргоо министрлиги орус аскерлери Бучаны ээлеп турганда «бир дагы тургун кандайдыр бир зомбулук аракеттен жабыркаган жок», тургундар «шаарда ээн-эркин жүрүп, уюлдук байланышты колдонуп жатышты» деп билдирди. Мекеме «шаардын түштүк бөлүгүн ири калибрлүү артиллерия, танк жана жапырт ок атуу реактивдүү системаларынан украин аскерлери өздөрү аткылады» деп кошумчалады.

Коргоо министрли бардык орус аскер бөлүктөрү Буча шаарынан 30-мартта эле чыгып кеткенин да кошумчалады.

«Ошондуктан, жанагы “кылмыштардын далили” деп аталып жаткандын баары, Бучада 4 күндөн кийин гана, качан шаарга Украинанын коопсуздук кызматы жана маалымат каражаттары киргенде пайда болгону таң калыштуу эмес. Арадан төрт күн өтсө да, Киевдин режими жарыялаган сүрөттөрдө адамдардын сөөктөрүндө өлүктөргө мүнөздүү болгон көк тактар, жарадар болуунун кесепетинен аккан кандын жоктугу өзгөчө тынчсызданууну жаратат», — деп айтылап ведомствонун маалыматында.

Орусиянын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский «украин радикалдарынын Бучадагы коркунучтуу чагымына байланыштуу» Орусия Федерациясы 4-мартта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранганын маалымдады.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму орус аскерлеринин көзөмөлүндө болуп жаткан же көзөмөлүндө болгон Украинанын аймактарындагы аскердик кылмыштар тууралуу баяндамасын жарыялады. Баяндамада 10 күбө 27-февралдан 14-мартка чейин Чернигов, Харьков жана Киев облустарында болгон окуяларды айтып беришкени маалымдалган.

Уюм бир нече зордуктоо, эң аз дегенде соттун чечимисиз эле эки жазалоо, жарандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү жана мал-мүлктү талап-тоноо фактылары тууралуу кабарлады.

«Биз документке киргизген учурлар украиналык жай тургундарга карата ойго келгис катаал күч колдонуу жана атайылап зомбулук көрсөтүү фактыларын камтыйт», — деди HRW уюмунун Европадагы жана Борбордук Азиядагы бөлүмүнүн башчысы Хью Уильямсон окуяларды иликтөөгө үндөп.