Ноокатта жүргүнчүнү унаа менен коюп, изин жашырып кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында унаа коюп кеткен тургун жеринде каза тапты. Кырсык болгон жерден изин жашырган шектүү кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев «Клоопко» билдиргендей, кырсык 3-апрель саат 22:10 чамасында катталган. Анда «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кыргыз-Ата айылынын 61 жаштагы тургунун коюп, изин жашырып кеткен.

Күч органдары кылмышка шектеп 4-апрель күнү Ноокат районунун 40 жаштагы тургунун кармады.

«“С.К.” атуу аял “Ауди-80” үлгүсүндөгү автоунаасын өзү жашаган үйдүн короосуна бекитип койгон жеринен кармалды», — деп билдирди Теңизбаев.

Ноокат РИИБи бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып короого киргизилди.

Буга чейин күч органдары Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын 33 жаштагы жашоочусун коюп кеткен айдоочуну кармашкан. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан. Кийинчерээк Ош ОИИБден шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин ачыктаган.

Дагы окуңуз:

Өзгөндө унаа коюп кеткен 33 жаштагы тургун каза тапты