Жети жашар баланын өлүмү: Бир дарыгер жумуштан кетти, бөлүм башчыга сөгүш жарыяланды

Иллюстративдик сүрөт.

№3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында сүннөткө отургузулгандан кийин каза болгон жети жашар баланын иши боюнча Улуттук госпиталдын «К.Т.» аттуу дарыгери өз арызы менен кызматтан кетти, урология бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун Урология кафедрасынын башчысына ординаторлордун ишине көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды», — деп жазылат билдирүүдө.

Улуттук госпиталдын маалыматына ылайык, каза болгон жети жашар бала оорукананын урология бөлүмүнүн ординаторунун жээни.

Эмне болду эле?

5-апрелде Октябрь райондук милициясы № 3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында сүннөткө отургузуудан кийин жети жашар бала каза болгонун билдирген.

Жерине барган милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, каза болгон бала Улуттук госпиталда сүннөткө отургузулганын аныкташкан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» окуянын кандай болгонун түшүндүрүп берип, ооруканада ички иликтөө башталганын билдирген.

«Улуттук госпиталда жергиликтүү анестезия берилип, бирок бала операция жасатпай койгон. Жакындары операцияны аягына чыгаруу үчүн №3 ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы ошол жерде наркоз сайганда баланын жүрөгү токтоп калган экен», — деген Айгерчинова.

Октябрь райондук милициясы баланын өлүмүн иликтөө үчүн атайын экспертиза дайындап, териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилеген.

Тема боюнча:

Бишкекте сүннөткө отургузуудан кийин каза болгон жети жашар баланын өлүмү иликтене баштады