«15 млрд 22,5 млн сом». Бишкек шаарынын бюджети бекитилди

Борбор калаанын 2022-жылга карата бюджети 15 млрд 22,5 млн сом деп бекитилди. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин 6-апрелдеги отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, отурумга калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров, шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, депутаттар жана вице-мэрлер катышты.

«Сессияда Бишкек шаардык мэриясына муниципалдык менчик жана муниципалдык жер тилкелеринин реестрин түзүү боюнча бир нече жыл мурун башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырылды [...] Шаардын мүлкүнүн толук тизмеси 1-сентябрга чейин даярдалышы керек», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Мындан сырткары, шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаардык мэриянын карамагындагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө токтомду кабыл алды. Маалыматка ылайык, депутаттар акыркы 12 жылдан бери эсептен чыгаруу иши жүргөн эместигин белгилешти.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин жана шаардын туруктуу каттамдарын тейлөө боюнча сынактарды уюштуруу тартиби бекитилди. Учурда Бишкек шаарында 101 линиясында 38 жеке фирма иш алып барат.

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаанын 2022-жылга карата бюджетин бекиткен болчу. Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом болуп бекитилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 242 млн 810 миң сомго көп.