Ош шаарынын бюджети бекитилди. Быйыл инфраструктураны жакшыртууга көңүл бурулат

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 10-февралдагы жыйынында калаанын 2022-жылга карата бюджеттин бекитти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардын быйылкы бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом болуп бекитилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 242 млн 810 миң сомго көп.

Бул жылы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык объектилерди жана жолдорду курууга, биргелешип каржылоо долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулаары айтылды. Ал эми эң аз акча маданият, спорт тармагына жана социалдык коргоого бөлүндү.

Ага ылайык каражаттын:

  • 34,9% турак-жай жана коммуналдык чарба тармагына;
  • 25,2% билим берүү тармагына;
  • 17,4% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга;
  • 15% экономикалык маселелерге;
  • 5,8% маданият жана спорт тармагына;
  • 1,3% социалдык коргоого бөлүндү.

Бюджетке каражаттын эң көбү салыктык кирешелерден түштү — 85,3%. Ал эми салыктык эмес кирешелер — 9,7%ды, бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары — 5%ды түздү.

Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджети 1 млрд 357 млн 700 миң сом болуп бекитилген. Эң көп каражат курулуш тармагына, ал эми эң аз акча социалдык коргоо жана коргонуу тармагына бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун бюджети бекитилди. Каражаттын эң көбү курулушка, эң азы социалдык коргоого жумшалат