Апрель революциясына 12 жыл. Президент Жапаров элге кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын күнүнө карата кайрылуу жасап, революциянын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо жана демократия принциптерин ишке ашыруу болгонун баса белгиледи.

«Дегеле Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады», — деди президент.

Жапаров Апрель революциясында курман болгондордун аты кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, тарыхка алтын тамгалар менен жазылып каларын белгиледи.

«Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары», — деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров өлкөнүн тарыхында болгон элдик революцияларды терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербей турганын белгиледи.

2010-жылдын 7-апрелинде тартылган сүрөт.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда революция болуп, анын натыйжасында президент Курманбек Бакиев өлкөдөн качкан. Каршылык акциясы учурунда митингчилерге карата курал колдонулуп, 80ден ашуун адам каза тапкан. Ал эми жарадар болгондордун саны андан дээрлик 20 эсеге көп болгон.

«Клооптун» журналисттери Бишкектин борборундагы кагылышууларды тексттик хроника форматында чагылдырган жергиликтүү журналисттердин бири болушкан. Бул шилтеме аркылуу окуяны кайрадан эстеп, авторлору менен таанышсаңар болот.

Тема боюна:

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу: бардык материалдар