Атамбаев: Бийлик Апрель революциясын жокко чыгарууну көздөгөндөй таасир калтырат

Сүрөт: Игорь Коваленко

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Апрель революциясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Анын катын жактоочу Замир Жоошев Фейсбук барагына жарыялады.

Атамбаев эл бозгун президент Курманбек Бакиедин үй-бүлөлүк бийлигин кулатканын эске салды. Мурдагы президент Ала-Тоо аянтына чыккан ачууланган элди «жардыруулар, Ак Үй тараптан мөндүрдөй жааган октор, жадагалса өлүм да токтото алган эмес» деп белгиледи.

«Ал күнү 87 мекендешибиз окко учкан. Миңге жакын жараныбыз жарадар болгон. Алардын 70ке жакыны соңку 12 жылда өз өмүрлөрү менен кош айтышты. Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатуунун баасы мына ушундай кымбат болгон», — деп жазды Атамбаев.

Ошол эле учурда Атамбаев учурда бийликке келгендер «Апрель революциясын жокко чыгарууну көздөгөндөй таасир калтырышат» деп белгиледи. Анткени акыркы 1,5 жылда «бакиевчилер абдан жанданып», ар кайсы кызматтарга дайындалууда.

Дагы окуңуз: «Ширшовдун айдоочусу». Санариптик өнүктүрүү министринин м.а. Иманов тууралуу эмне белгилүү

Ошондой эле Атамбаев Бакиевдин маалында «журналисттер жана оппозиционерлер кандай өлтүрүлгөнүн биз унута элекпиз» деп айтты. Атамбаев бүгүнкү күнү да «оппозиция муунтулуп», журналист, блогер жана укук коргоочулар суракка чакырылып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, Атамбаев биринчи президент Аскар Акаев «эч нерсе болбогондой Кыргызстанга учуп келип», сурактан кийин тоскоолсуз коё берип «эл алдында кечирип коюшту» деди.

«Шейит болгон аксылыктар, ит бекер кеткен Кумтөр унутулду. Эми Кыргызстанга экинчи качкын президент Бакиевди да алып келишип, аны килем төшөп тосуп алышаары толук мүмкүн окшойт. Жогорку бийликтеги айрым адамдар бул маселени кайра-кайра көтөрүп, ишке ашырууну көздөп жатышканы ачык корунуп турат», — деди Атамбаев.

Дагы окуңуз: Аксы, Кумтөр, Үй-бүлөлүк башкаруу. 16 жыл өткөндөн кийин Акаевдин режимине сүртүм

Мурдагы президент «Акаев 15 жыл, Бакиев беш жыл, Сооронбай Жээнбеков үч жыл элди алдаган» деп, «элди көпкө алдаш кыйын» экенин белгиледи.

«Элибиз калптарга, коррупцияга жана диктатурага көпкө чыдабайт! Бийлик муну эстен чыгарбашы керек! Президент [Садыр] Жапаров элдин үмүтүн акташы керек! Эл дагы эле ага абдан ишенип, президенттен сөзүнө шайкеш, туура, адилет кадамдарды күтүп жатат...» — деди мурдагы президент.

Атамбаев кайрылуусун Апрель революциясынын баатырлары «тарых китебинде алтын тамгалар менен жазылат» жана 7-апрель «кылымдарда эрдик жана эркиндик майрамы болуп кала берет» деп жыйынтыктады.

Тема боюнча:

Апрель революциясына 12 жыл. Президент Жапаров элге кайрылуу жолдоду

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу: бардык материалдар