Ош шаарында аялдарды тоноого шектелген тургун кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБдин басма сөз кызматы

Ош шаарында январь айынан бери алты аялды тоноп кеткен деген шек менен бир адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматты 7-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 19-март күнү Ош шаарынын тургуну аны өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз киши «муунтуп колундагы сумкасын жана Redmi 7А үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын» айтып арыз жазган.

Ош ШИИБ «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыялаган. Ыкчам-тергөө иштердин натыйжасында Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан шектүү буга чейин эки жолу соттолгонун, акыркы жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканын белгилешти.

Ошондой эле тергөө маалында шектүүнүн январь айынан тарта аялдарга кол салган фактыларга тиешеси бар экени аныкталды.

«Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууну суранат», — деп берилет Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Ош ШИИБдин кызматкерлери тоноо менен алектенген 18-22-жаштагы беш шектүүнү кармаган — алардын үчөө кыз жана экөө эркек болушкан. Шектүүлөр Оштун тургунунун үйүнө түнү бастырып кирип, буюмдар жана 2 500 сом тоноп кетишкен.

Тема боюнча:

Электрошокер, бычак. Ош шаарында кыздарды тоноого шектелип беш киши кармалды