Элчилик: Орусия 2021-жылы 224 кыргызстандыкка баңгизатка байланышкан иш козгогон

Иллюстративдик сүрөт

2021-жылы Орусиянын аймагында Кыргызстандын 224 жаранына карата баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 327 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчилик 2020-жылы бул көрсөткүчтөр азыраак болгонун маалымдады — өткөн жылы баңгизатка байланыштуу 151 кыргызстандыкка карата 191 иш ачылган. Орусиянын күч органдары шектүүлөр көп учурда «тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын» белгилешкен.

«Антсе да Кыргыз Республикасынын жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар “закладчиктер”: тагыраак айтканда курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр (Telegram ж.б.) аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр», — деп билдиришти элчиликтен.

«Закладчик» — баңгизаттарды таңгактоо ыкмасы менен аны мыйзамсыз таратып жүргөн киши.

Кыргызстандын элчилигинен Орусиянын мыйзамдарына ылайык бул кылмыш үчүн 4 жылдан 20 жылга чейин жаза мөөнөтү каралганын билдиришти. Маалыматка ылайык, бул кылмышка күнөөлүү деп табылгандар орточо 7 жылга кесилет, бирок өмүр бою эркинен ажырагандар да бар. Абактарда отургандардын көбүнчөсү 16дан 30 жаша чейинки жарандар.

«Баңгизат аны колдонгон жарандарды эле жок кылбастан, таратуучулардын да тагдырын талкалайт», — деп берилет маалыматта.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мени кармап, чөнтөгүмө баңгизат салып коюшту — эмне кылам?