Октябрь окуяларында жабыркагандар Сооронбай Жээнбековду экс макамдан ажыратууну талап кылышты

8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 2020-жылы октябрь окуяларында жабыркагандар жана алардын жакындары нааразычылык акцияга чыгышты.

Митингге чыккандар экс-президент Сооробай Жээнбеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевди жана экс-министр Кашкар Жунушалиевди жоопко тартууну талап кылышты.

Алар «Жаракат алгандарга реабилитация, операция керек», «Опумбаев, Жунушалиев жоопко тартылсын!», «5-6-октябрда элди аттырган Жээнбековдун кланы жоопко тартылсын», «Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы алынсын!» деген транспоранттарды көтөрүп турушту.

Акцияга чыккандардын бири дарыланууга муктаж экенин, алган жарааттарынан улам иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып нааразы болду.

«Тоок уурдаган киши бат кармалат, аа киши өлтүргөндүкү каралбайт. Сооронбай Жээнбековду кармап, жоопко тартышсын. Кедей болобу, бай болобу баарына мыйзам бирдей иштеши керек. Мен мисалы, Жалдагы мечитке жума намазга барам. Сооронбай Жээнбековду курчап, коргоп милициялар турат. Жада калса мечитке киргенден кийин дагы өз элинен коргоп турушат. Эми ошого татыктуубу? Октябрь окуясында башыман катуу жараат алгам. Мен ошонун айынан ишсиз калдым», — деди ал.

Чогулгандар буга чейин УКМКга кайрылып, эч кандай жыйынтык ала алышпаганын белгилешти.

Октябрь окуясы

2020-жылы 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапташтары митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонгонун айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилер үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатылган. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди кайтарып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт коюшкан. Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жарааттарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Алтынбек уулунун сөөгү 2020-жылдын 8-октябрында Баткен облусунун Лейлек районунда жерге берилген.

Дагы окуңуз:

Жалгыз уул болчу. Бишкектеги баш аламандыкта каза болгон жигиттин сөөгү жерге берилди