Орусия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарылды, АКШ Украинага курал берет

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу токтой элек.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Sky News басылмасына курган маегинде Украинадагы «атайын операцияда» (орус бийлиги муну согуш деп атабайт) орус тараптын жоготуулары олуттуу экенин мойнуна алды.

Орус бийлиги жоготуулары тууралуу көп деле маалымат бербейт. Акыркы жолу Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулары тууралуу 25-мартта маалымат берген. Анда ведомство 1 351 аскер кызматкери каза таап, 3 825 аскер жарадар болгонун моюндаган.

Ошол эле учурда Украинанын Башкы штабы орус тараптан 18 миңден ашык адам каза тапканын маалымдаган.

БУУнун Башкы ассамблеясы 7-апрелде Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүгүн убактылуу токтотту. Уюмдун маалыматына караганда, Орусиянын мүчөлүгүн токтото туруу чечимине 93 өлкө макул болуп, 24 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан каршы добуш беришкен. Дагы 58 өлкө добуш берүүдөн карманган.

Ал арада Орусиянын БУУдагы өкүлү Геннадий Кузьмин добуш берүүдөн кийин эле Орусия БУУдагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын айтты.

АКШнын Сенаты «Украинанын демократиясын коргоо боюнча ленд-лиз жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун кабыл алды. Бул Экинчи дүйнөлүк согушта колдонулган программа.

АКШ Сенаты жактырган программа Украинага курал-жарак жана башка маанилүү жүктөрдү натыйжалуу жеткирүүгө жол ачат.

«2022-жылы кабыл алынган Украинадагы демократияны коргоо жөнүндөгү ленд-лиз жөнүндө мыйзамы Украинага өтө зарыл болгон аскердик жабдыктарды жана башка өтө маанилүү материалдарды берүүнү тездетип, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартат», — деп билдирди Politico басылмасы.