Шайлоо чыры: Ошто мектеп мугалими директордун «басымынан» улам ооруканага түшкөнүн билдирди

Гүлбара Алдыракова

№38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин мугалими Гүлбара Алдыракова окуу жайдын директору Бегайым Юлдашева «басым» кылып, мындан улам ооруканага түшкөнүн «Ынтымак» телеканалынын журналисттерине билдирди.

Мугалимдин айтымында, «Юлдашеванын орой мамилесинен улам кан басымы көтөрүлүп, эс учун жоготуп жыгылган учурда жамбаш сөөгү сынган».

«Жөнөкөй мугалимди ушундай акыбалга жеткизген адам иштегенге татыктуубу? Мисалы мен ишке кайта аламбы, кайта албаймынбы билбеймин да. Балдарыма да айта элекмин [...] Жетекчи деген татыктуу болушу керек. Ал [Юлдашева] ошол бир жерде 15 жылдан бери иштеп атат. Мамлекеттик ишкана менен жеке менчикти алмаштырып алган окшойт деп ойлойм», — деген Алдыракова.

Алдыракова 2021-жылы ОшМУнун имаратында жайгашкан №5307 шайлоо участкасынын төрайымы болгон. Ал мектеп директору экөөнүн ортосундагы келишпестик ошол кезде башталганын, директор шайлоо комиссиясына мүчө болгон мугалимдердин ишине кийлигишип «талаптарды коюп келгенин» айтат.

Ошондой мектеп директоруна «каяша сүйлөгөндөр куугунтукталып жатканын» кошумчалады.

Ал эми Барпы Алыкулов атындагы мектептин директору Бегайым Юлдашева мугалимдин сөздөрүн четке кагып, аларды «куру доомат» деп атады.

«Жок, мен шайлоодо эч нерсе деген эмесмин [...] Бул [Алдыракова] менин участогумда иштебейт да, башка участокто иштеген. Өзү кант диабети менен ооруйт. Мен ага басым жасаган жокмун», — деди Юлдашева.

Билим берүү башкармалыгы эмне дейт?

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мугалим менен директордун ортосундагы пикир келишпестик боюнча териштирүү жүргөнүн, анын натыйжасында алар элдешкенин билдирди.

«Биз февраль айында аталган мектепте комплекстүү текшерүү жүргүзгөнбүз. Ошол жерде мектеп директору менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпестикти биз аныктаган жокпуз», — деди мекеменин өкүлү Кутманбек Камчиев.

Ошондой эле мекемеден эгерде Алдыракова чынында Юлдашеванын айынан ооруканага түшсө «муну укук коргоо органдары тыкыр карашы керек» деп белгилешти.

Юлдашеванын үстүнөн даттанган мугалимдер

2021-жылы парламенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда аталган мектептин мугалимдери Замира Жусупова жана Пашагүл Токтомушева Юлдашеванын үстүнөн БШКга арыз жазышкан. Мугалимдер №5306 участкалык комиссиясынын мүчөлөрү болушкан.

Арыз ээлери Юлдашева аларга «Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык башталгандан тарта басым жасап келгенин» айтышкан.

«Атап айтканда, Юлдашева аталган шайлоо комиссиянын ишмердүүлүгүнө дайыма кийлигишип, директор катары койгон талаптары аткарылбаса №5306 УШКнын мүчөлөрүн кызматтан четтеттүү менен коркутуп келгени белгиленген», — деп билдиришкен Боршайкомдон.

Ош ШИИБи бул арыз боюнча «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, бирок көп өтпөй ишти кыскартып салган. Мугалимдер бул чечим менен макул болбой шаардык прокуратурага даттанышкан.

Замира Жусупова «Клоопко» курган маегинде мектеп директору шайлоо комиссияга мүчө болгон үч мугалимге «шайлоо өнөктүгүн өткөрбөйсүңөр, катышпайсыңар» деп басым жасаганын айткан. Ал эми Пашагүл Токтомушева Юлдашева шайлоодон улам мектептеги китепканадагы жумушун тапшырууга аргасыз кылганын айткан.

«Ар бир шайлоодо басым болуп жаткан. Кошумча саатым аз болгондуктан [мектептеги] китепканада да иштечүмүн. “Эгерде шайлоодо иштей турган болсоң, китепканадагы ишти тапшырасың” деди [Юлдашева] [...] 8-сентябрда китепкананы тапшыруу жөнүндө арыз жазууга аргасыз болдум, азыр аз эле саат менен калдым», — деген Токтомушева.

Көп өтпөй Ош мэриясынын аппарат башчысы Камчыбек Досматов аталган мектептин директору кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирген.

Дагы окуңуз:

Шайлоо-2021: Ошто директордун үстүнөн даттанган мугалимдер прокуратурага кайрылышат

Мугалимдерге басым жасоо, Сарыбашовго үгүттөө. Ошто шайлоо мыйзамдарын бузгандарга кандай чара колдонулду?