БШК жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-апрелде Кыргызстандын үч шаарында жана 13 айылында өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун алдына ала жыйынтыгын чыгарды. Шайлоо Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында өттү.

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 157 958 адамдын тизмеси киргизилип, алардын ичинен 52 363 (33%) шайлоочу добуш берүүгө катышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кара-Балта шаардык кеңешине төмөнкүлөр өттү:

  • «Ишеним»;
  • «Күчтүү коом»;
  • Социал-Демократтар;
  • «Ыйман нуру»;
  • «Альянс»;
  • «Эламан».

Таш-Көмүр шаардык кеңешине алдын ала үч партия өттү:

  • «Жаштар»;
  • «Ынтымак»;
  • «Ата Журт Кыргызстан».

Токтогул шаардык кеңешине, алдын ала жыйынтык боюнча, жети партия өтүп жатат:

  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Тынчтык»;
  • «Ынтымак»;
  • «Бирге-Вместе»;
  • «Мекен ынтымагы»;
  • «Ишеним»;
  • «Эл Үмүтү».

Добуштардын акыркы жыйынтыгын БШК 30-апрелге чейин, бардык даттануулар жана талаштар каралып чыккандан кийин жарыялайт.

Жергиликтүү кеңештерде өткөн шайлоого 1 318 талапкер катышкан, алардын ичинен 336 талапкерге мандат тиет.

«Үч шаардык кеңешке жалпысынан 93 депутат шайланыш керек. Шайлоого 13 партиядан 827 талапкер катталган. 13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны — 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер», — деп билдирген БШК.