Мектептерге электрондук каттоо үзгүлтүккө учурады. ББМ маселени күн ичинде чечүүнү убада кылды

Кыргызстанда 11-апрель күнү саат 9:00дө мектепке электрондук каттоо башталышы керек болчу, бирок mektep.edu.gov.kg сайтынын иши үзгүлтүккө учурап, иштебей калды.

Билим берүү министрлигинин (ББМ) басма сөз кызматынан «Клоопко» «колдонуучулардын саны көп болуп жаткандыктан» сайтта техникалык үзгүлтүк болгонун билдиришти.

Министрлик системадагы мүчүлүштүктү күн ичинде калыбына келтирүүнү убадалап, ошол эле учурда сайтта маал-маалы менен үзгүлтүктөр жаралып турушу мүмкүн экенин, себеби «маалыматтар базасын интеграциялоо боюнча архитектурасы татаал экенин» белгиледи.

«Ата-энелерди бизди түшүнүүгө чакырабыз, баары каттоодон өтө алат деп ишендиребиз», — деп белгилешти ведомстводон.

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сайттын скриншотун жарыялады, анда арыз толтурулуучу жерде «Кто ты, детка» деген түшүнүксүз графа көрүнүп турат.

Инфоком ишканасынын басма сөз кызматынан «Клоопко» бул Google’дын «сиз баланын кимиси болосуз?» же «кем вы приходитесь ребенку?» деген жеринин автоматтык котормосу деп түшүндүрүштү.

«Автоматташтырылган котормону өчүрүп, керектүү тилди сайттын өзүнөн тандаш керек», – деп билдиришти Инфокомдон.

Консультация жана техникалык жардам алуунун номерлери:

  • Колл-Борбор: 119;
  • Техникалык колдоонун номери: 0 (312) 988 940
  • 0220 022 196;
  • 0220 022 183;
  • 0220 022 381.

Билим берүү министрлиги мектептерге электрондук каттоону 2019-жылдын февралында ишке киргизген. Каттоо дагы, баланы мектепке киргизүү дагы бекер. Ата-энеси баласын каалаган мектепке жаздыргандан кийин арызынын статусун онлайн текшере алат. Баланын мектепке тапшыртуу арызын ата-эне гана эмес, ага камкорчулук кылган туугандары да бере алышат.