Бекешев минкабдан «Экспресс-строй КГ» компаниясы боюнча токтомду жарыялоону талап кылды

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги бардык мектептерди эч кандай тендерге катышпастан эле «Экспресс-строй КГ» компаниясы курат деген пикиринен кайткан жок. Мындай пикирин 11-апрелде дагы айткан болчу. Бирок ошол эле күнү мектептердин курулушу жөнүндөгү маалыматты мэриянын басма-сөз кызматы төгүндөгөн.

Муниципалитеттен «Экспресс-Строй КГ» Бишкекте мектептерди курууга жалданма компания катары катышуу ниетин билдирип, ал тургай мэрияга кепилдик милдеттенмелерин дагы берген, бирок эч кандай келишим түзүлгөн эмес деп түшүндүрүштү. Мэриядан мектеп куруудагы бардык сатып алуулар бир гана мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык жүргүзүлөт деп баса белгилешти.

Бекешев бул кырдаалда бир билдирүү менен «кутулууга болбой турганын» айтып, Минкабдан Бишкектин мектептерин курууну бир гана компанияга өткөрүп берүү тууралуу токтомду жарыялоону талап кылды. Бекешев «башталган иштер албетте, сонун, бирок коррупциялык схемалардын айынан бузулушу мүмкүн деп чочулап жатат.

«Юстиция министрлиги сага тиешелүү компаниянын маалыматын жаап-жашырып же бурмалап коюш үчүн ким болуш керек же анын баасы канча? Бул “Экспресс-строй КГ” ЖЧКсы Юстиция министрлигинин маалыматтык базасын оңой эле өзгөртсө болорун тастыктап берди» , — деп белгиледи Бекешев.

Буга чейин депутат Бекешев компаниянын өзү жана жетекчилиги тууралуу да маалыматтар аз экенин айтып тынчсызданган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Экспресс-строй КГ» ЖЧКсы ишмердүүлүгүн 2020-жылы баштаган. Компания турак үйлөрдү жана башка имараттарды курат.

Компания 2022-жылдын 24-мартында кайрадан каттоодон өткөн. Учурдагы жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кочкорбек Жуманазаров. Ал дагы бир нече компанияны жетектейт — «Чок-Тал-Сити» ЖЧКсы, «Модуль Хаус» ЖЧКсы, «Евро Шпал» ЖЧКсы, «КЖ Глобал Компании» ЖЧКсы, «КЖ Инвест Компании» ЖЧКсы.

Оsoo.kg’нин маалыматына ылайык, Жуманазаровго чейин «Экспресс-строй КГ» компаниясынын директору Эрмек Атантаев болгон. 2022-жылдын 4-февралындагы компания кайра катталган.

Factchek.kg компаниянын негиздөөчүлөрүнүн өмүр-таржымалын иликтеп чыккан. Көрсө, Атантаев менен бирге компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Ахмадшох Азатов болгон экен.

Басылма белгилегендей, Азатов — президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабировдун уулу. Эки компанияга ээлик кылат. Ага «Экспресс-Строй КГ» ЖЧКсынан тышкары, «Страус кей джи» жана «Бетон Профи» ЖЧКсы таандык.

Ошондой эле «Экспресс-Строй КГ» буга чейин Нурдин Сабировго — Равшанбек Сабировдун дагы бир баласына таандык экени аныкталды. Бирок үстүбүздөгү жылдын февралында кайрадан каттоодон өтүп, жаңы негиздөөчүсү пайда болгон.

Бишкек шаардык мэриясы 2022-жылы калаада 15 мектептин, ошондой эле пайдалануудагы мектептердин окуу корпустарынын курулушун аягына чыгарып, пайдаланууга берүү пландалып жатканын билдирген болчу.

Мэриядан бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат деп айтышкан.