Блогер Адыл Акжол уулу «ЭлТР» каналынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Адыл Акжол уулу.

Эркин журналист Адыл Акжол уулу «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Маалыматты «Клоопко» Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка таянсак, буйрукка 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ал эми «ЭлТРдин» Оштогу филиалынын кабарчысы Мырзажигит Атабаев «Клоопко» буга чейинки орун басар өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирди.

«Адыл Акжол уулу жамаатка бүгүн тааныштырылды. Буга чейинки директордун орун басары болуп иштеген Жумамидин Сулайманкулов болсо өз арызы менен кеттиптир», — деди ал.

Жумамидин Сулайманкулов бул кызматта 2018-жылдын июль айынан берип иштеп келген.

Адыл Акжол уулу Оштогу таанымал блогерлдердин бири. Анын Youtube-каналында 600 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал 2019-жылга чейин бир топ жыл шаардагы «ОшТВ» телеканалында журналист болуп иштеген.