Чүйдө 19 жаштагы кыз өгөй атасын бычактоого шектелип жатат

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Жайыл районунда 40 жаштагы кишини бычактоого шектелип 19 жаштагы кыз кармалганын кабарлады.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, бычакталган киши аймактык ооруканага 11-апрелде түшкөн. Жерине барган ыкчам тергөө тобу жабырлануучу менен өгөй кызынын ортосундагы пикир келишпестиктен улам жаңжал чыкканын аныкташкан.

Факты боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен козголгон иштин алкагында кылмышка шектүү катары Т.Н. атуу кыз кармалды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош облусунун Кара-Суу районунда 50 жаштагы кишини бычактап өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы тургун кармалган.

Тергөө учурунда шектүү маркум менен спирт ичимдигин ичип олтуруп, сөз талашып уруша кетип, шеригин бычак менен сайып салганын айткан. Шектүү «Адам өлтүрүү» беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.