Баткен ОИИБи: Батмакан Жолболдуева сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескиледи

Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында шектүү катары кармалып турган блогер Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды.

Милициядан билдиришкендей, ал сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган. Тез жардам кызматы шектүүгө алгачкы медициналык жардам көрсөтүп облустук ооруканага жеткирген.

«Батмакан Жолболдуеванын абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп кабарлады Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ал эми Жолболдуеванын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева шектүү райондук убактылуу кармоочу жайдын башчысы ага «басым жасагандыктан» билегин кескилегенин айтат.

«Бир күн мурда мен Баткен облустук сотунун отурумуна катышкам. Анда Жолболдуеванын баш коргоо чарасы каралган. Сот аны камакта калтырууну чечкен. Айыпталуучу убактылуу кармоочу жайдын башчысы жана башка кызматкерлери тарабынан коркутууларга жана басымга кабылганын айтты. Андан соң биз убактылуу кармоочу жайдын башчысы менен жолукканбыз, мен кеткенден кийин ага басым жасаптыр», — деди адвокат.

Андан сырткары Сүйүнбаева блогер орозо кармап жатканын белгилеп, туугандары ага тамак-аш бере албай жатышканын кошумчалады.

Журналисттин өлүмү жана блогердин кармалышы

«Акипресс» басылмасынын журналисти Арзыгүл Галымбетованын саламаттыгы начарлап, Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Бирок дарыгерлердин жардам көрсөткөнүнө карабай журналист ошол эле түнү жүрөгү токтоп, каза болгон.

Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Батмакан Жолболдуева 28-мартта кармалган. Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, 25-мартта маркум журналист Галымбетова «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп, Жолболдуеванын үстүнөн арыз жазган.

Анын негизинде «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Жолболдуева 26-апрелге чейин камакка алынган.