Бекешев: Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров 2011-жылы казинону жабуу үчүн добуш беришкен

Депутат Дастан Бекешев Фейсбук барагында депутаттардын 2011-жылы берген добушунун жыйынтыгын жарыялады.

«Кумарканалардын ишине тыюу салуу үчүн 105 депутат добуш берген. Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров кумарканаларды өлкө боюнча жабуу үчүн добуш беришкен. Ал кезде, арадан 11 жыл өткөн соң алардын позициясы өзгөрүп кетерин ким билиптир», — деп жазды Бекешев.

Сүрөт: Дастан Бекешев. Добуш берүүнүн жыйынтыгы.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды ачуу демилгесин колдогон. Андан кийин эле демилгени минкабдын башчысы да колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеген, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контор жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыргысы келет.

Экономика министрилиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштап жатат.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек жарандар кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.